www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-октябрда, Японияга иш сапарынын алкагында Токио шаарында «Tokyo Rope MFG» корпорациясынын башкы кеңсесине барды. Бул тууралуу президенттин расмий сайты маалымат таратты.
Андагы маалыматка ылайык, мамлекет башчысы корпорациянын ишмердиги менен таанышып, анын башкармалыгынын төрагасы Шигето Танака менен жолугушуу өткөрүп, ортодо инвестициялык кызматташтыктын келечеги тууралуу пикир алмашуу болду.
Президент «Tokyo Rope MFG» жетекчилиги менен 2017 жана 2018-жылдары Бишкектеги жолугушууларда жетишилген макулдашуулардын баары бүгүнкү күндө ишке ашканын, Кыргызстанда корпорациянын кичи ишканасы ийгиликтүү иштеп жатканын канааттануу менен айтып өттү.
«Бизнес инвестициялар бизге аба менен суудай керек. Биз Япония менен, Сиздикиндей ири корпорациялар менен кызматташууга кызыктарбыз. Япония бизге көз карандысыздык алгандан бери көп жардам берди», — деп президент Сооронбай Жээнбеков ыраазычылык менен белгиледи.
«Tokyo Rope MFG» корпорациясынын башкармалыгынын төрагасы Шигето Танака корпорациянын бүгүнкү күндө Казакстан, Шри-Ланка жана Филиппинде иш жүргүзүп жаткан Бишкек шаарындагы кичи ишканасынын ишмердигин кеңейтүү боюнча пландар менен бөлүштү.
Шигето Танака Кыргызстан менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө корпорация кызыктар экенин өзгөчө белгиледи.
«Биз заманбап, япон инновациялык технологияларын киргизүү жолу менен Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүнө өз салымыбызды кошкубуз келет», — деп белгиледи ал.
Бишкектеги «Tokyo Rope MFG» корпорациясынын кичи ишканасынын кызматкерлери аткарылып жаткан иштер жана жакынкы келечекке карай пландар тууралуу айтып беришти.
Корпорациянын кичи ишканасы Япония өкмөтүнүн колдоосу менен Кыргызстанда биргелешкен долбоорлорду ишке ашырат. Учурда Бишкек-Ош жолунун бир бөлүгүндө көчкүгө каршы курулуштар орнотулуп жатат. Жакынкы мезгилде буга окшогон жумуштар аталган жолдун башка бөлүктөрүндө да башталат.
Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын тоо-кен инженерлерин даярдап чыгарганы жана Бишкектеги кичи ишкананын кызматын кеңейткендиги үчүн «Tokyo Rope MFG» жетекчилигине ыраазычылык билдирип, бул багытта иш-аракеттерди улантуу маанилүү экенин белгиледи.
Белиглей кетсек, «Tokyo Rope MFG» — дүйнө жүзү боюнча жогорку технологиядагы болот аркандарды чыгаруучу ири ишканалардын бири. Корпорациянын Бишкек шаарындагы кичи ишканасы 2017-жылы ачылган.
Булак: NazarNews.kg