www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттикке талапкер Клара Сооронкулова БШКнын президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун каттоосунун мыйзамсыздыгы боюнча чечимине каршы Бишкек шаарынын административдик сотуна доо арыз менен кайрылууну көздөп жатат. Бул тууралуу Рита Карасартова билдирди.

Рита Карасартованын айтымында, эми Сооронкулова сот аркылуу Жапаровдун каттоосун жокко чыгарууну талап кылууга ниеттенүүдө.

Эске салсак, буга чейин бир нече талапкерлер БШК Садыр Жапаровду каттабашы керек деп билдиришкен.

9-декабрда БШКга келип түшкөн арызда, КРнын Конституциясынын 68-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, КРнын Президентинин ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырган кызмат адамы өзүнүн пассивдүү шайлоо укугунан айрылганы белгиленген.

Натыйжада, Жапаров кезексиз президенттик шайлоодо талапкер болууга укугу жок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости