www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ӨКМ башчысынын орун басары кооптуу аймактарды кыдырып чыкты

2020-жылдын 11-12 декабрь күндөрү өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов Нарын облусундагы кооптуу аймактарды жеринен кыдырып, табигый кырсыктардын алдын алуу багытында, тиешелүү чечим кабыл алуу үчүн иш сапарда болду. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Шамырканов алгач Кочкор районунун Теңдик айылындагы жер алдындагы суулардын деңгээлинин жогорулоосу, турак-жайларга тийгизген терс таасирлеринин кесепеттери менен жеринде таанышты.

Андан соң министрликтин 2021-жылдагы “Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу” мерчемине сунушталган Төлөк айылынын Боз участкасындагы сел алып өтүүчү каналынын абалын карап чыкты.

Мындан тышкары, министрдин орун басары төмөнкү кооптуу делген обьектилерде болду:

- Нарын шаарынын Ак-Коргон, Чыргайлуу, Көлмө, Үңкүр, коктулардагы сел түшүүчү кооптуу аймакта;

- Чаек айылынын Май-Кокту, Кашка-Терек, Чукур коктуларынан күтүлүүчү сел коркунучу бар аймактарда;

- Миң-Куш айыл аймагында жайгашкан калдык сактоочу жайларда.

Ошондой эле Шамырканов Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айылынын Чолок-Терек участкасындагы министрликтин “Сел, суу ташкындарынан коргоо” агенттигинин балансында турган коргоочу курулманын абалы менен жеринен таанышып чыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости