www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Сорос-Кыргызстан” фонду ишмердүүлүгүн токтотту

"Сорос Кыргызстан" фонду өлкө аймагында ишмердүүлүгүн токтотту. Бул тууралуу Жордж Соростун "Ачык коом" фондунун 15-апрелде, жарыяланган билдирүүсүндө айтылат.

Буга коммерциялык эмес уюмдар тууралуу жаңы мыйзамдын кабыл алынышы себеп болгор. Билдирүүдө фонддун чет өлкөдөн каржыланганы аны "жаңы мыйзамдык чектөөлөргө" дуушар кылары белгиленген.

“Сорос - Кыргызстан” фонду өлкөдө 1993-жылы түптөлгөн. Ал 115 миллион долларга өкмөт жана жарандык коом менен иштей турган долбоорлорду каржылаганы кошумчалаган.

“Тилекке каршы, жаңы мыйзам боюнча өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн жасалган аракеттердин баары “чет өлкөлүк өкүлдөрдүн” иши деп адилетсиз аталат”, — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин президент Садыр Жапаров республикада 25 миңдей өкмөттүк эмес уюм катталган болсо, анын эки миңдейи чет элдик донорлордун каражаты жана катышуусу менен иш алып барарын белгилеген.Эми кайра каттоодон өтүшөт. Аларга өзүнчө реестр түзүлүп, мурдагыдай эле иштей берери кошумчаланган.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости