www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 27-октябрь күнү саат 9:20дан баштап Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу, Сосновка бекетинде жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө киргизилген чектөөлөр алынды. Бул тууралуу “Кыргызавтожол” ишканасынан билдиришти.

Эскерте кетсек, кечээ, 26-октябрь күнү эртең мененки саат 11:40да жасалма тыгындарды болтурбоо максатында, аба ырайы жана климаттык шарттар жакшырганга чейин Төө-Ашуу, Сосновкада жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөөлөр киргизилген.

“Жолдорду кардан тазалоо жана инерттик материалдар менен толтуруу иштери жүргүзүлүүдө. Анын негизинде жолдордун ашуу тилкелерине бара жаткан айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрдү кышкы дөңгөлөккө алмаштырууну, дөңгөлөктөрдүн чынжырчаларын жана күрөктөрүн алып жүрүүнү сунуштайбыз”, - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости