www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

27-январда Ташкенттин Чиланзар райондук соту калаа башчы Жахонгир Артыкхожаевдин 2018-2019-жылдары кабыл алган эки чечимин мыйзамсыз деп тапты.

Алардын бирине ылайык, жүздөгөн ишкердин соода жана кызмат көрсөтүү объектилери жайгашкан Юнусабад районундагы алты гектар жер «мамлекеттик керектөө үчүн» деген жүйөө менен шаардын жер фондуна өткөрүлгөн. 2019-жылы декабрдын аягында ошол эле тилкени ООО Urban Developers аттуу жеке компанияга берүү тууралуу экинчи чечим кабыл алынган.

Райондук сот мэриянын «мамлекеттик жана коомдук үлүшү жок» бул жер тилкесинин анын ээлеринин макулдугусуз жеке компанияга берилгенин мыйзамга каршы келет деп тапты. 2020-жылы августта аталган жер тилкесиндеги ири соода жайлардын ээлери мэрдин чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен сотко кайрылышкан.

«Озодлик» радиосунун колундагы документтерге ылайык, ООО Urban Developers 2019-жылы 18-ноябрда — Юнусабад районундагы жер тилкесине ээ болордон бир ай гана мурда каттоодон өткөн. Анын акцияларынын 97% ээли кылган чет өлкөлүк Odoratus Business LLP 10 компаниясы Улуу Британиянын Бристоль шаарында катталган. Расмий документтерде анын уставдык капиталы болгону 100 фунт стерлингди (125 АКШ доллары) түзөрү көрсөтүлгөн.

Белгилей кетсек, буга чейин URBAN DEVELOPERS ЖЧКсынын президент Шавкат Мирзиёевдин улуу күйөө баласы Ойбек Турсуновго байланышы бар экени айтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости