www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектин Биринчи Май райондук соту Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев тарабынан кызматтан бошотулган департаменттин кызматкерлеринин доо арызы боюнча чечим чыгарды.
Эске салсак, 2022-жылдын 16-майында маалымат жыйынында Саламаттыкты сактоо министринин орун басарлары Улук-Бек Бектурганов, Жалалидин Рахматуллаев жана Жапаркул Ташиев президент Садыр Жапаровго жана министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровго кайрылуу жасашкан. Дарыгерлер Алымкадыр Бейшеналиевдин Саламаттыкты сактоо министри кызматына ылайыктуулугун кароону суранып жатышканын айтышкан.
Журналисттер менен жолугушууга коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова, иш кагаздарын жүргүзүү жана уюштуруу иштери бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Ибраева, юридикалык бөлүмдүн башчысы Азамат Жумакеев да келишкен. Алымкадыр Бейшеналиев маалымат жыйындан кийин дароо үчөөнү тең кызматтан бошотуп, муну Саламаттыкты сактоо министрлигиндеги реформалар менен түшүндүргөн.
Бул чечимди жокко чыгаруу үчүн Айнура Акматова, Гүлмира Ибраева жана Азамат Жумакеев сотко кайрылышкан.
Алар бул буйрукту мыйзамсыз деп атап, иштен чыгууга аргасыз болгон маянасын өндүрүп алуу менен аларды кызмат ордуна калыбына келтирүүнү соттон суранышты.
Сот бардык жагдайларды иликтеп чыгып, алардын үчөөнү тең кызмат ордуна калыбына келтирип, Саламаттыкты сактоо министрлигинен мажбурлап иштен кеткени үчүн маяналарын өндүрүп алууну чечти.
Булак: NazarNews.kg