www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сот Азиза Абдрасуловага айып салды

Укук коргоочу Азиза Абдрасулова 3 миң сом айыпка жыгылды. Мындай чечимди бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарды.

Азиза Абдирасулова Кылмыш-жаза кодексинин “Ички иштер органдарынын кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө” беренеси боюнча козголгон административдик иш боюнча күнөөлүү деп табылды.

Эске салсак, Азиза Абдрасулова 15-ноябрда Кемпир-Абад суу сактагычын өткөрүп берүүгө каршы митингден кийин милиция тарабынан кармалган. Ички иштер башкармалыгы муну ал укук коргоо кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбегени менен түшүндүрдү. Укук коргоочунун өзү камалышын анын коомдук-саясий маселелерге, анын ичинде Кемпир-Абадга болгон активдүү позициясы, башка камактагы активисттер менен болгон кырдаал, укук коргоо жана сот системасын сынга алганы себеп деп эсептейт. Абдрасулова митингде катышуучу эмес, байкоочу катары чыккан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости