www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сот экс-депутат Өмүрбек Бакировго өкүм чыгарды

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Бакиров шайлоочулардын добушун сатып алууга күнөөлүү деп табылды. Бул тууралуу Sputnik агенттигине Бакиров өзү билдирди.

Анын айтымында, Ноокат райондук соту аны айыпка жыкты. Бирок суммасын кабарлаган жок.

“Биз бул чечимге каршы Ош облустук сотуна даттандык”, - деди ал.

Эскерте кетсек, Бакировду мандатынан ажыратуу чечимин Бишкек административдик соту 7-июнда кабыл алган. Кийин аны Бишкек шаардык соту да, Жогорку сот да күчүндө калтырган. 26-август күнү БШК Бакиров депутат болбой калганын расмий жарыялаган.

2022-жылдын 17-ноябрында парламент жыйынында Бакиров УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен кайым айтыша кеткен. Атайын кызматтын башчысы Бакировдун "кандай депутат экенин жана кандайча шайланып келгенин" билерин айткан. Анын эртеси эле депутатты кабинетинен чыгарып салышкан. Андан соң добуш сатып алуу маселеси козголуп, соттук иштер башталган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости