www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин Биринчи май райондук соту 16-февралда “Ихсан Групп ЛТД” коммерциялык эмес турак жай кооперативинин жетекчилеринин иши боюнча өкүм чыгарды. Бул тууралуу “Азаттыктын” сотко катышкан кабарчысы билдирди.

Судья Абдималик Акматов кооперативдин башчысы Акинай Бекмурзаеваны 12 жылга эркинен ажыратып, аны жабырлануучулардын чыгымдарын төлөп берүүнү милдеттендирди. Кооперативдин дагы бир кызматкери Эрмат Абылкасымов 11 жылга кесилип, сот залынан камакка алынды.

“Ихсан” кооперативине турак жай алуу үчүн акча салып, кийин мүлк да ала албай, каражатын да кайтара албай калган жүздөгөн жарандар 2022-жылдын жаз айларында Бишкекте жана Ошто митингге чыгышкан. Ошол маалда ИИМ билдирүү таратып кооперативге 2021-жылы Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси – “алдамчылык” боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүп жатканын маалымдаган. Кийин ишке аталган кодекстин 210-беренеси – “ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу” айыбы кошулган.

2022-жылдын июлунда "Ихсан" турак жай кооперативинин жетекчиси Акинай Бекмурзаева камалып, камакка алынган. Кооперативдин жооптуу кызматкери А.О.Т аттуу жаранга ошол эле жылдын ноябрында издөө жарыяланган. Декабрда Бекмурзаевага жана А.Э.К. аттуу дагы бир кызматкерге айыбы угузулуп, Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн. Иш андан ары сотко өткөн.

"Ихсандын" Бишкектеги кеңсесине 400дөн ашык факты боюнча арыз түшүп, жабырлануучуларга келтирилген чыгым 425 миллион сом деп эсептелген. Кооперативдин Оштогу кеңсесине 330 факты боюнча кылмыш иши козголуп, 276 миллион сомдон ашык материалдык чыгым келтирилгени аныкталган. Жалпы чыгым 701 миллион сомдон ашкан.

2024-жылдын январында Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы кылмыш ишин иликтөөнү улантып жатканын билдирген. Милиция кооператив ушул маалда да иштеп жатканын, "себеби турак жай алган жарандар бүгүнкү күнгө чейин кооперативдин банктык эсебине акча каражатарын төлөп жатканын билдирген. Ошол эле маалда анын бактык эсептерине камак салынган. 

Кыргызстанда мындан башка да турак жай кооперативдерине нааразы болгон бир нече акциялар өткөн. Алар да уюмдарга миллиондогон акча салып, соңунда үй же башка мүлктөрдү ала албай калышканына даттанышкан. Милиция алардын көпчүлүгү боюнча кылмыш ишин козгогон.

ИИМ 2023-жылдын сентябрь айына карата Кыргызстанда жалпы 12 турак жай кооперативинин ишине байланыштуу 954 кылмыш иши тергелгенин, анын 604ү соттук кароого жөнөтүлүп, 168и токтотулганын билдирген.

Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда 162 коммерциялык эмес турак жай-курулуш кооперативи катталган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости