www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Бишкек шаарында батирлерге кирген шектүү ууру изделип жатканын ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Жабырлануучу Ленин РИИБге 2021-жылдын 15-сентябрында кайрылып, ушул күнү саат 08:00 чамасында Арча-Бешиктеги үйүнө терезе аркылуу кирген ууру акча каражатын жана зер буюмдарын уурдап кеткенин билдирген.

Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурулуук) менен катталып, Бишкек ШИИБдин ыкчам тобу тарабынан 1985-жылы туулган Т.Фархат шектелип кармалган. Ал ушул сыяктуу кылмыш менен бир нече ирет сот жообуна тартылган.

Шектүү кайра кармалгандан кийин ШИИБде убактылуу камакка алынып, кийинчерээк Ленин райондук соту үй камагына чыгарган. Ошол бойдон дайынын билдирбей кеткендиктен кайрадан СИЗО-1 абагына камакка алуу чечими чыгарылып, издөөгө алынган болчу.

ШИИБ учурда шектүү ушул сыяктуу башка кылмыштарга да аралашканын тактады. Милиция сүрөттөгү шектүү тууралуу маалыматы бар жарандарды кабар берүүгө чакырат. Байланыш номуру: 0(550) 102-360 жана «102» кызматы.

Булак: NazarNews

Последние новости