www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев эч жака кетпөө тил каттын негизинде камактан бошотулду. Маалыматты Govori.TVга анын жактоочусу Акын Авазбеков билдирди.

Мындай чечимди бүгүн, 21-майда Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарган.

14-майда Кеңешбек Дүйшөбаевди сот залына көтөрүп келишкен. Кемпир-Абад иши менен айыпталып жаткан Дүйшөбаевдин ден соолугу начарлаганына карабай, аны сотко катышууга мажбурлап алып келингени буга чейин да маалымдалган болчу.

Кемпир-Абад иши боюнча шек саналып жаткан саясатчы, активисттер абактагы Кеңешбек Дүйшөбаевдин ден соолугуна кабатыр болуп жатышкандыктарын айтып,15-майда кайрылуу жасашкаy.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Ушул тапта кармалгандардын ичинен сегиз киши тергөө абагында калды. Калгандары түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык баш аламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен айып таккан.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости