www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
УКМКнын Ленин райондук бөлүмүнүн башчысынын иш бөлмөсү мыйзамсыз тинтилген. Мындай чечимди 2-апрелде Биринчи май райондук соту чыгарганын басма сөз кызматы билдирди.
Марттын аягында Аскер прокуратурасы тарабынан мыйзамсыз баюу жана коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында УКМКнын Бишкек шаарындагы райондук бөлүмүнүн жетекчиси А.Ж. жана борбор калаанын мурдагы вице-мэри А.А. кармалган. Алар Бишкек шаарындагы кымбат баалуу жер тилкелерин мыйзамсыз пайдаланууга берүүгө айыпталууда.
Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргендей, А.А. жана А.Ж. Бишкек гарнизонунун абагына камакка алынды.
Тергөөнүн маалыматына караганда, аталган адамдар кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мыйзамсыз баюу максатында башка кызмат адамдары менен бирге Бишкек мэриясынын адистерине басым көрсөтүп, жер тилкелерин ишенимдүү адамдарына мыйзамсыз каттоого мажбур кылышкан.
Азиз Алымкулов вице-мэр кызматында 2019-жылдын февраль айынан 2021-жылдын февраль айына чейин иштеген.
Булак: NazarNews.kg