www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунда 9 ай мурун сот залынан качып кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, кармалган жаран 2019-жылдын январь айында Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун имаратынан качып кеткен. Аны милиция кызматкерлери Чүйдүн Вознесеновка айылындагы үйлөрдүн биринен кармаган.

“30 жаштагы К.М. уюшкан кылмыш тобунун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турат. Кармоо учурунда милиция кызматкерлерине каршылык көрсөткөндүктөн, ага карата самбо ыкмалары колдонулган. Кармалган жаран Бишкектин Октябрь РИИБинин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди”, -деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости