www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын Административдик соту 11-декабрда мөөнөтүнөн мурда өткөн парламенттик шайлоодо №8 шайлоо округунан депутаттык мандатка талапкер Жылдызкан Жолдошованын Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) каршы берген арызын четке какты. Жолдошова БШКнын тилкелердеги добуштарды жокко чыгарган чечимин мыйзамсыз деп эсептеп, аны жокко чыгарууну өтүнгөн, бирок сот анын талабын канааттандырган жок.
Жолдошова соттун чечимине нааразы болуп, аны Жогорку сотко даттанууга ниеттенерин билдирди. Ал №5249 жана №5514 добушканаларындагы добуштардын жокко чыгарылышы анын парламентке өтүшүнө тоскоолдук жаратып жатканын, бул кадамды анын кызыкчылыгына каршы багытталган аракет деп сыпаттады.
Ошондой эле ал өзүнүн ордун ээлеп жаткан талапкер Нуржамал Төрөбекованын БШК төрагасы Тынчтык Шайназаровдун тууганы экенин айыптап чыккан. Бирок Шайназаров бул дооматтарды четке кагып, бардык чечимдер мыйзам чегинде кабыл алынганын белгилеген.
БШК 8-декабрда жалпы 29 шайлоо округу боюнча чечим кабыл алып, жеңүүчүлөрдү бекитти. Анын ичинде №8де — Жанарбек Акаев, Улан Примов жана Нуржамал Төрөбекова депутат катары таанылды.
Бул окуялар шайлоо жыйынтыктарына карата коомчулукта терең талкуулар жүрүп жатканын көрсөтүп турат. Айрым талапкерлер менен коомчулук талаштуу чечимдер боюнча соттук жана административдик жолдорго кайрылууга аргасыз болуп жатышат.