www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сот зордукчуну бошотуп жибердиби?

“Чүй облусунун Кемин райондук соту оор кылмыштарга күнөөлөнгөн адамдын ишин жаап-жашырып, аны 1 айдын ичинде эркиндикке чыгарып жиберди”. Бул тууралуу  жабырлануучунун Эрлан аттуу бир тууган агасы жергиликтүү басылмалардын бирине маалымдады.

Анын айтымында, Чүй облусунун Кемин райондук соту оор кылмыштарга күнөөлөнгөн адамды 1 айдын ичинде эркиндикке чыгарып койгон. Ал сот кылмышка шектүүдөн акча алып, ишин жаап койду деп жатат. Эми ал облустук сотко кайрылмакчы.

Эске салсак, октябрь айынын төртүнөн бешине караган түнү Айжаркын аттуу келин өзүнүн мурунку күйөөсү тарабынан сабалып, зордукталган. Айтымында, Тимур Айжаркынды алдап көчөгө чыгарып, унаасына отургузуп Кеминдеги үйүнө алып барган. Ал жакта Айжаркынды сабап, зордуктаган. Зордукчу уктап калганда, Айжаркын качып кеткен.

Айжаркын ооруканага жаткырылып, милицияга арыз жазылган. Бул боюнча Чүй ОИИББинин маалымат кызматы “Бул факт Кемин РИИБи тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине зордуктоо беренеси боюнча катталып, тийиштүү экспертизалар дайындалган. 9-октябрда кызматкерлер тарабынан кылмышка шектүү Т.Т. Кемин РИИБине алып келинип, тергөөчүлөргө көрсөтмө берген. Ал эми, 11-октябрда кылмышка шектүүнүн баш коргоо чарасын караган сот, аны камакка алуу чечимин чыгарган”, -деп билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости