www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социалдык фонд июнь айынан тарта жумушсуз калгандарга алардын топтомо фондундагы эсептен 400 миң сом төлөп берди. Бул тууралуу аталган ведомствонун башчысы Бактияр Алиев "Ата-Журт Кыргызстан" парламенттик фракциясынын жана "Мекенчил" депутаттык тобунун кошмо жыйынында билдирди.

"Быйыл июнь айынан тарта топтомо фондунун жобосуна өзгөртүүлөрдү киргиздик. Мисалы, ипотека жаатында алсак, мурда күйөөсү ипотека алып жаткан учурда анын эле топтомо фонду эске алынчу, азыр күйөөсү менен аялынын топтомо фондун кошуп эсептөөгө болот. Андан тышкары, эгерде киши жумушсуз калса, ага үч айлык мөөнөттө жети миң сомдон төлөп беребиз", — деди Алиев.

Топтомо фондудагы акчаны жаран пенсияга чыкканда, башка мамлекетке туруктуу жашоого кетип жаткан учурда, жүрөк же онкологиялык ооруга чалдыгып калганда алса болору айтылды.

Алиев быйыл июнь айынан бери ипотекалык насыяга топтомо фондунан 250 млн. сом төлөнгөндүгүн кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости