www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Социалдык фонду тарабынан ЕАЭБ өлкөлөрүнүн 58 жаранына пенсия дайындалды. Бул тууралуу анын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта белгиленгендей, 2021-жылдын 1-январынан тартып Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин эмгекчилерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө макулдашуу күчүнө кирген. Ага ылайык, ЕАЭБдин башка мамлекетинин аймагында эмгек же башка ишмердик кылуу аркылуу пенсиялык укуктарга ээ болгон Кыргызстандын, Казакстандын, Орусиянын, Армениянын жана Беларусиянын жарандары эмгекчилер болуп саналат.
«Учурда Кыргызстандын Социалдык фонду тарабынан 58 жаранга пенсия дайындалды, анын арасынан 49 адам Россия Федерациясынын, дагы 8 адам Казакстан жарандары жана Беларусь мамлекетинин 1 жараны бар. Ошондой эле Орусия Кыргызстандын 33 жаранына пенсиянын бир бөлүгүн дайындалган», — деп айтылат маалыматта.
Булак: NazarNews.kg