www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Социалдык контракт» программасын ишке ашыруунун эки жылдык мезгилинде 13 миңге жакын катышуучунун ичинен 23 үй-бүлө күтүлбөгөн жагдайлар боюнча өз бизнес-пландарын ишке ашыра алышкан эмес. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова министрликтин 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча коллегиясында билдирди.

Министр өткөн жылы Базар-Коргон, Ноокат, Жети-Өгүз, Сокулук, Сузак жана Талас райондорунда программанын талаптарына ылайык арыз берген адамдарды изилдөө иштери сапаттуу жүргүзүлбөгөнүн белгиледи.

Г.Баатырова быйыл 20 миң жаңы катышуучуну тандоодо бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу тобокелдиктерин болтурбоо үчүн социалдык контракт жөнүндөгү жобонун талаптарына шайкештигин көзөмөлдөөнү буйруду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости