www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социалдык тармактарда эки күндөн бери "Ош облусунун Өзгөн районунда чоң кумура табылды" деген видео тарап жатат. Аны жергиликтүү жашоочулар тартып, кадрдан табылга тууралуу түшүндүргөнүн көрүүгө болот.

Бирок бул мындай эмес. Табылганы жергиликтүү жашоочулар эмес, археологдор табышкан.

Бул тууралуу УТРК Оштун кабарчысы Зарина Рахманбердиева жерине барып маалымат алып келди. Бул тууралуу соцтармактын колдонуучусу Исмат Ибрагим жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Коомчулуктун кызыгуусун арттырган бул видеодогу хумду археологдор Өзгөндүн Кеңеш, Ана-Кызыл айылдарынын ортосундагы, Жазы дарыясынын жанынан изилдөө иштеринин жүрүшүндө табышкан. Хум биздин заманга чейин IV-II кылымдарга таандык. Тарыхый шаарча аталган Кызыл-Октябрь шаар чалдыбарынан 2, 5 м тереңдиктен казылган. Казуу иштерине 20 жумушчу, 4 археолог тартылган.

Археолог Марсбек Борсунбаевдин айтымында, табылганы кумура эмес, хум деп атоо туура болот. Ага болжолдуу 500 литр суу батат жана табылган хумдун бийиктиги 1.75 см, туурасы 1.25 см.

“Аны музейге алып кеттик. Буга чейин 20 см ары жакта, экинчи хум табылган. Бирок ал тилекке каршы бүтүн эмес болгон. Байыртадан эле сынып калган. Бул археологиялык жактан бүтүн экинчи хум. Бул Шоро-Башат маданиятына таандык. Шоро-Башат маданияты биздин заманга чейинки IV-II кылымдагы 1000 жылдыктагы маданият”, - деди Борсунбаев.

Сүрөттөрдүн автору археолог Турар Абдырахманов

Последние новости