www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социалдык фонддун чыгашасы менен кирешеси

Бүгүн, 17-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2019-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетун бекитүү тууралуу» мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралды.

Белгилей кетсек, Социалдык фонддун 2019-жылга бюджети кирешелер боюнча 53 843,0 млн. сом суммасында, чыгымдар боюнча 53 506,3 млн. сом суммасында аткарылган. Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн келип түшүүсү 2019-жылда 32 399,4 млн. сомду түзүп, 1918-жылдын бюджеттинен 1 757,3 млн. сомго же 105,5 % га көп болгон. Бирок 744,9 млн.сомго бюджеттин аткарылышы аз болгон. Акциялар боюнча дивиденддерден, акча каражаттарынын калдыктарына чегерилген пайыздардан, туумдардан жана айып пулдардан жана башка булактардан түшүүчү башкача кирешелер 404,6 млн. сомду түзгөн.

Талкуу маалында депутаттар аталган тармактагы айрым маселелерге токтолушту. Алсак, депутат Айнуру Алтыбаева тиешелүү мекеме өкүлүнөн пенсияга чыгуу жаш курагы тууралуу сурады. Өз кезегинде Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гульнура Джуматаева эркектер үчүн 63 жаш, аялдар үчүн 58 жаш курагы белгиленгенин, ал өзгөртүлбөй тургандыгын билдирди.  

Ал эми депутат Иса Өмүркулов тамак-аш кымбаттап жатканын жүйө келтирип, муктаждыкка жараша пенсиянын көлөмүн көтөрүү керектигине токтолду.

Ошондой эле депутат Төрөбай Зулпукаров жалпы салык төлөөчүлөрдүн санына кызыкты. Өкмөт өкүлдөрү 585 786 салык төлөөчү катталганын, ал эми пенсия алуучулардын саны 686 225 экенин билдиришти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости