www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Кайсы жерде болбоюн, өлкөнүн бакубаттуулугу үчүн, элим үчүн ак кызмат кылууга даярмын",-дейт экс-вице-премьер-министр Аида Исмаилова NazarNews.kg маалымат агенттине маек куруп жаткан учурда.  

--"Апрель айынын башында мага социалдык блок боюнча вице-премьер-министрдин кызматы сунушталды. Бул күтүүсүз болду, бирок чечимди токтоосуз кабыл алуу зарыл эле, анткени, жазында өлкөгө өзгөчө кырдаал режими жана коменданттык саат киргизилди, бул өтө жооптуу жана кыйчалыш мезгил болду. Буга дейре мен Жогорку Кеңеште социалдык маселелер боюнча комитетте социалдык блоктун маселелери менен алектенген элем.  Февраль айында, депутат болуп турган кезде мен Өкмөт мүчөлөрүнөн биздин өлкөдөгү Ковид 19 жайылышынын алдын алуу жаатындагы аткарылып жаткан иши тууралуу сурагам. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 18-мартта пандемия тууралуу жарыялады, буга дейре медициналык буюмдарды, дары-дармектерди, реагенттерди өндүрүүчү заводдор штаттык режимде иш алып барышкан, авиа каттамдар жана авиа жүк ташуулар чектелген эмес, мамлекеттик чек аралар ачык болгон, башкача айтканда, биринчи толкунга дайынданууга бардык мүмкүнчүлүктөр болгон. Тагыраак айтканда, оорунун күч алуусу коңшу өлкөдө башталган эле. Пандемиянын эпидемиядан айырмасы дүйнө жүзү белгисиз инфекцияга каршы күрөшүүгө тартылды, ал эми Ковид 19 байланыштуу айтсак, жалпы дүйнөдөгү өлкөлөр азыркыга чеийн жаңы, башкарууга мүмкүн болбогон, агрессивдүү жугуштуу мультисистемалуу инфекция менен күрөш жүргүзүүдө. Биздин өлкөдө май айынын ортосуна чейин киргизилген катаал чектөөлөр сатып алуу процедураларын донорлордун, башкача айтканда, Дүйнөлүк банктын регламенти менен баштоого мүмкүнчүлүк берди. Улуттук мыйзамдар боюнча процедуралар тезирээк жүрөт, бирок эл аралык донорлордун каражаттары пайдаланылгандыктан, сатып алууларды жүргүзүү жана аларды ташып келүүнүн башталыш мөөнөтү медициналык буюмдар жана дары-дармек каражаттары үчүн 3-4 айды жана жабдуулар үчүн 9-12 айга чейинки мөөнөттү түздү. Демек, коңшу мамлекеттеги жаңы инфекция тууралуу алгачкы маалыматтардан кийин эле санитардык-карантиндик пункттарда өлкөгө келип жаткан жарандарды гана күтүп отурбастан, дароо ыкчам тартипте бардык чараларды баштоо керек эле, башкача айтканда, медициналык буюмдарды, дары-дармектерди жана жабдууларды сатып алууга келишимдерди даярдоо зарыл болчу. Инфекцияны аныктоо үчүн лабораториялардын кубаттуулугун жогорулатуу болсун, койка-фондду көбөйтүү үчүн тез курулуучу конструкциялардын курулушу, же аларды кайра түзүү болсун, каалаган иш-чаралар материалдык резервдер менен камсыздоону түшүндүрөт, бул өз кезегинде сатып алуулар аркылуу ишке ашырылат. Өкмөт башка мамлекеттерге, өнөктөштөргө, жарандарга жана гуманитардык жардам кылган бардык жактарга ыраазычылык билдирип келет. Бардык гуманитардык жардамдар Саламаттык сактоо министрлигинин сайтында реалдуу убакыт режиминде белгиленип жана чагылдырылып турду. Андыктан биз элдин саламаттыгы үчүн күнү-түнү иштедик. Мен кайсы жерде болбоюн, өлкөнүн бакубаттуулугу үчүн, элим үчүн ак кызмат кылууга даярмын",-дейт Аида Исмаилова. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости