www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мыйзамсыз түрдө дары-дармек ташылып жүргөнүн аныктады.

Мекеменин маалыматына караганда, 2020-жылдын 16-декабрында УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте жүргүзгөн иш чаралардын алкагында, Талас облаусундагы “Чоң Капка-Автожол” көзөмөл-өткөрмө пунктунан Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз жол менен алынып келе жаткан дары-дармектер табылды.

Кармалган дары-дармектин 176 түрү салынган 100 кутучанын тиешелүү уруксат кагаздары болгон эмес.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча кармалган жүктүн баасы 4 миллион сомдон ашык суммага барабар.

Учурда товардын чоо-жайын тактоо максатында материалдар Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка жиберилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости