www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК Садыр Жапаровдун үгүт иштерине аралашканбы?

Борбордук шайлоо комиссиясынын Ыкчам чара көрүү координациялык тобуна маалымат келип түшүп, анда президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун үгүт иш-чарасынан Facebook тармагына жарыяланган сүрөттөр боюнча айтылган.

Сүрөттө “САДЫР Президент” деген жазуусу бар көк түстөгү спорттук баш кийимдерди жана ошол эле түстөгү жилеттерди кийген балдар тартылган. Окурмандарда Садыр Жапаровду эмненин негизинде УКМКнын 9-бөлүмүнүн кызматкерлери коштоп жүрөт деген суроо туулган. Анын үстүнө, мамлекеттик кызматкерлер үчүн шайлоо белгилерин колдонуу административдик ресурстарды колдонуу менен барабардыгын айтышкан. 

БШК бул боюнча Башкы прокуратурага жана Ички иштер министрлигине кабарлады. 

Эске салсак, “Мамлекеттик коргоо жөнүндө” мыйзамга ылайык аскер кызматына милдеттүү аскер кызматчылары дагы, келишим боюнча адамдар дагы кароолдо иштей алышат. Ошол эле учурда кызматтан кеткен премьер-министрдин кароолчулары бар.

Эгерде коопсуздук кызматкерлери аскерге милдеттүү болсо, анда бул мыйзам бузуу катары каралышы мүмкүн, бирок аны контракттык аскерлер кайтарса, анда бул маселе тиешелүү бөлүмдөр тарабынан кеңири изилдениши керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости