www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Алай районунда Эшкул Мырзаев атындагы мектептин директору окуучу кыздын башындагы жоолугун чечүүгө мажбурлап жаткандыгы тууралуу маалымат ММКларга чыгаар замат бул окуя интернеттин социалдык тармактарында кызуу талкууга түштү.
Алды интернет аркылуу акүй-көкүйдөгү бийлик башындагыларга кайрылуу жасап жиберсе, арты мектеп директорунун үйүн өрттөп жиберүү чакырыгы менен чыгууга үлгүрдү.
Ошол эле учурда окуучу кыздын жоолугун чечүүсүн талап кылган мектеп директору бекитилген эрежелерге ылайык иш-аракет кылгандыгын Алай райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Мамашарип Мусаев Vesti.kg маалымат агенттигине билдирди. Анын айтымында, директор тарабынан эч кандай мыйзам бузуу болгон эмес.
Бирок, интернет колдонуучулардын басымдуу бөлүгү ар бир окуучунун же инсандын жоолук кийер-кийбеси өз эркинде экендигин, буга мыйзам да жол берерин жазышууда.
Булак: NazarNews.kg