www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Социалдык тармактарда улуттук валютаны өрттөп жаткан адамдын видеосу тарады.
Кадрларда өзүн блогер катары тааныштырган эркек киши 20, 50, 200 жана 1000 сомдук банкноталарды кезеги менен өрттөп жатканы көрүнөт.
Видеодогу жазууларда бул аракет «Айназик» аттуу кызга арналганы жана «Бул акчалар мен үчүн эч нерсени билдирбейт» деген сөздөр айтылганы байкалат.
Мындай аракет коомчулуктун көңүлүн бурду. Улуттук валютаны атайылап бузуу фактысы боюнча тиешелүү органдар тарабынан укуктук баа берилиши мүмкүн.
Мыйзамга ылайык, мамлекеттик символдорду жана улуттук баалуулуктарды мазактаган аракеттер үчүн жоопкерчилик каралган.