www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сотто Адахан Мадумаров суракка алына баштайт

29-февралда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаров суракка алына баштайт. Бул тууралуу саясатчынын адвокаты Юлия Богданова билдирди.

Анын сөзүнө караганда, 27-февралдагы соттук отурумга прокурорлордун жана жабырлануучу тараптын күбөлөрү келген жок. Ушундан улам судья шектүүлөрдү суракка алууну баштоо чечимин кабыл алды.

Адахан Мадумаровго эки кылмыш иши козголуп, бир өндүрүшкө бириктирилген.

Биринчиси - Кыргыз-тажик чек арасындагы тилке боюнча 2009-жылы протоколго кол койгону үчүн ага “Мамлекеттик чыккынчылык” деген берене менен айып тагылууда. Президент Садыр Жапаров буга чейинки маектеринде ошол протоколдун айынан Баткендеги Төрт-Көчө талашы жаралып жатканын билдиргени бар. Адахан Мадумаров ал протоколдун юридикалык күчү жок экенин айтып келет.

Экинчиси - Чыңгыз Абдымомунов аттуу адам 2015-жылы “Бүтүн Кыргызстан” партиясына 50 миң доллар бергенин айтып, аны кайра кайтарып берүү өтүнүчү менен милицияга арыз жазган. Бул факты боюнча “Алдамчылык” беренеси менен кине коюлган. Бул ишке байланыштуу “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Акыл Айтбаев да шек саналып жатат.

Адахан Мадумаровду 2023-жылы 2-сентябрда Бишкекте жашы жете элек уулун жетелеп жүргөн жеринен милициянын атайын даярдыктагы бөлүгүнүн кызматкерлери кармап кеткен. Ошондон бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) убактылуу кармоочу жайында жатат.

Ал коюлган айыптарды четке кагып, мунун баарын саясий куугунтук деп сыпаттап келет.

Саясатчынын иши боюнча Биринчи Май райондук сотунда жумасына эки жолу соттук отурум өтүп жатат. Ушул күнгө чейин 40тай адам күбө катары көрсөтмө берди. Алардын арасында азыркы жана мурдагы чиновниктер бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости