www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Соттолгон чиновниктердин мүлкү сатыкка коюлду

Ашхабад акимиятынын турак жайларды каттоо жана бөлүштүрүү башкармалыгы мурдагы ички иштер министри Исгендер Муликовдун, ишкер Чара Куловдун жана башка соттолгондордун конфискацияланган үйлөрүн сатууда. Башкармалык 15 жылга чейин насыя алуу мүмкүнчүлүгү менен үйлөрдү сатып алууну сунуштайт.

Кулов документтерде сатыла турган эки имараттын мурунку ээси катары көрсөтүлгөн: 443 чарчы метр жана курулуп бүтө элек 425 чарчы метрлик үй. Биринчи имараттын баасы 5,8 миллион манат (базар баасы боюнча 237 000 доллар), экинчиси 2,4 миллион манат (100 000 доллар).

“Түркмөнстан Хроникасынын” булактары сатыкка коюлган төрт үйдүн жок дегенде бирөөсү Муликовго таандык экендигин кабарлашты:

Гёкчө айылындагы баасы 3,1 миллион манат түзгөн (129 миң доллар) үй. Багир айылында баасы 7,4 миллион манат түзгөн(308 000 доллар) үй. Баасы 6,7 миллион манат турган (279 миң доллар) курулуп бүтө элек үй. Шор Гардамак конушунда баасы 1,9 миллион манат турган (79 000 доллар) үй. 

Ошондой эле мамлекет Куловдон 8 автоунаа алган: Lexus RX 330, BMW 535XI, Mercedes Benz GLE, Toyota Hilux 27L , BMW X5,  Merсedes Benz E 350, Toyota Prado, Toyota Sienna

Ал эми Муликовдон үч унаа мамлекетке өткөн: Toyota Camry, Mercedes Benz E 320,
ГАЗ-2410.

Кулов 2019-жылдын 12-сентябрында узак мөөнөткө эркинен ажыратылган. 1-октябрда ишкердин досу жана коргоочусу деп эсептелген Муликов кызматтан алынган. 19-октябрда Муликов менен Нобатов дагы түрмөгө кесилген. Муликов жана Нобатов сыналгы аркылуу өкүнүү сөзү менен кайрылгандыгына карабастан, алар айыпталып жаткан кылмыштардын чоо-жайы ачыкталган жок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости