www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пекин-2008 Олимпиадасынын катышуучусу, оор атлетика боюнча Казакстан Республикасынын төрт жолку чемпиону Владимир Седов 35 жашында каза болгонун Zakon.kz билдирди.

Владимир Седов Казакстандын төрт жолку чемпиону, 2009-жылдагы дүйнө чемпиону, 2009-жылы жана 2016-жылдагы Азия чемпиону наамдарына ээ. Мамлекеттин алдындагы сиңирген эмгеги учун “Курмет” ордени менен сыйланган.

Бирок 2016-жылдын жай айларында Эл аралык оор атлетика федерациясы 2008-жылкы Пекин Олимпиадасында спортчудан алынган эки допинг-тесттинде терс жыйынтыгын билдирген. Тесттен анаболикалык стероиддик Станозолол дарысы табылган.

Ал эми 2019-жылдын 4-декабрында IWF расмий түрдө казакстандык оор атлетчи Владимир Седовдун 2008-жылдан 2016-жылга чейинки бардык наамдарын жокко чыгарган.

Владимир Седов кечээ кечинде каза болгон. Полиция окуянын чоо-жайы тууралуу маалымат берди.

"35 жаштагы оор атлетчинин жансыз денеси Каратал районунун Достык айылында жашаган жеринен табылды. Анын денесинен зордук-зомбулук менен өлүмдүн сырткы белгилери табылган жок. Туугандарынын көрсөтмөсү боюнча, эркек киши өзүнө кол салган. Учурда суицид фактысы боюнча Казакстан Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренесинин “Өзүн-өзү өлтүрүү” боюнча сотко чейинки тергөө амалдары жүрүп жатат”, — деп билдирди Жетисуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы.

Аталган башкармалыктан белгиленгендей, кылмыш иши райондук милициянын жетекчилигинин көзөмөлүнө алынган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости