www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатында, бүгүн 10-апрелде , эркин күрөш боюнча мелдештер башталып, кыргыз спортчуларынан Эрназар Акматалиев (70кг чейин) жана Абдымалик Карачов (57кг чейин) жарым финалга жолдомо алышты.
Эрназар Акматалиев алгачкы беттеште Жапон балбаны Таичи Нарукин менен беттешип, 12:9 эсебинде жеңишке ээ болду. Ал эми жарым финалда ал Индиянын өкүлү Абхиманью менен килемге чыгат.
Абдымалик Карачов чейрек финалда Тажикстандык мушкер Айаал Белолюбскийди 8:4 эсебинде жеңип, жарым финалда Монголиянын өкүлү Мунх Эрдене Батхуяг менен күч сынашат.
Жарым финалдык беттештер 10-апрелде 16:45те башталат.