www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарындагы “Ак-Ордо” жаңы конушунда жайгашкан №96-жалпы билим берүү орто мектебинин мугалимдери жаңы келген директору Жаңыл Исанованын кетишин талап кылышууда. Бул тууралуу аталган мектептин жамааты Исановага нааразы экенин Nazar News маалымат агенттигине билдиришти.
Бишкектин Ленин районуна караштуу “Ак-Ордо” жаңы конушундагы №96- мектепте 2591 окуучу билим алса, 116дан ашык мугалим эмгектенет. Аталган мектепке ушул жылдын 17-ноябрында Исанова Жаңыл Муталиповна директор болуп бекитилип келген.
Бирок, жаңы келген мектеп жетекчисин мугалимдер кабыл албай, анын кетишин талап кылышууда. Тарбиячылардын айтымында Жаңыл Исанова өз билемдигине салып, мектепти каалагандай калчап, жамаатты экиге бөлүп, психологиялык басым көрсөтүп жатканын айтышат.
“Биздин мектеп Бишкектеги алдыңкы мектептердин бири. Биздин окуучулар, мугалимдер мектеп аралык олимпиада, мелдеш, сынактарда алдыңкы орундарды багындырып келгенбиз. Бирок, жаңы келген директор Жаңыл Исанова бул эмгектерди, жасаган жакшы жыйынтыктарды жокко чыгарып жатат. Ал келгенде эле ынтымактуу жамаатты экиге бөлүп, ар кандай сөздөр менен коркутуп, психологиялык басым көрсөтүп жатат. Ошондой эле, министрдин чыгарган буйругун жокко чыгарып, күнүгө күндөлүк жазып келүүбүздү талап кылып, ар бирибиздин сабагыбызга катышаарын эскертти” дейт мугалимдер.
Мугалимдердин айтымында жаңы директор Исанова аларды кыйнап, себепсиз түшүнүк кат жаздырып, кечке мектепте болууларын талап кылган. “Мугалимдерди эс алуу күндөрү дагы жумушка чыгарып, иштөөгө мажбурлады. Иш күндөрү сабакка жарым саатка эрте келүүбүздү буйруду. Психологиялык кысым көрсөтүп, өз билемдигине салып мектепти каалагандай калчап жатат” дешүүдө.
Учурда тарбиячылар өз укуктарын коргоп тиешелүү жактарга жана министрликке кат жолдошкон. Бирок азыркы убакта жыйынтык болбой жатканын кошумчалашты.
Ал эми биздин журналисттер мугалимдер каршы чыгып жаткан жаңы директор Жаңыл Исанованын пикирин угуу максатында кызмат ордуна барып, байланыша алган эмес.
96-мектептеги бул окуядан кийин Билим берүү жана илим министрлигине кайрылганыбызда учурда атайын комиссия түзүлүп, териштирүү иштери башталганын билдиришти.
Булак: NazarNews.kg