www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

СҮРӨТ - Ахмет Түзгүн: «Кыргызстан - биздин Ата журтубуз»

Стамбулда окумал күндөр

«Эл аралык журнал «Эл аралык журнал жарманкеси» 8-июндан баштап 12-июнга чейин Стамбулдун Сиркежи вокзалында старт алды. Түркиянын 400дөй журналы, 30 өлкөдөн анын ичинен Жакынкы Чыгыш, Европа, Орто Азиянын өз тилинде басылган 450 журнал катышууда. Кыргызстандан «Жетиген» журналы тандалып алуусу биз үчүн чоң сыймык.

Адал мээнет тер аккан бешене терден өтөрү жоктур. «Жетиген» журналынын башкы редактору Абдиламит Мажитович Жумашевдин эмгеги зор.

«Жетиген» журналына кызыгып барактап жаткан түрк боордоштордон маек алдык.

 Стамбулдун тургуну, ишкер Сервет мырза:

- Кызык бекен?

- Көзүмө жылуу учураган себеби КР менин кайын журтум, т.а. Ош шаары. Азыр Ош тууралуу макала бар бекен деп кызыгып окуп жатканым....

- Сизди Ош шаары эмнеси менен өзүнө тарта алды?

- Ош шаары Сулайман тоосу менен өзгөчөлөнүп турат экен. Өзүм тоолорго жакынмын. Келинчегим өзбек улутунан болсо дагы, өзүн кыргызстандыкмын деп эсептейт. Себеби куда-сөөк кыргыздардан. Төркүнүн сагынганда Ошко барып турабыз.

Түрколог Огсан Куртулуш (Сон Селжукчу):

- Огсан мырза, Түрколог катары сурайын дегеним, Кыргызстан өлкөсүнүн башкалардан айырмачылыгына токтоло кетсеңиз...

- Илимий иштеримде Кыргызстан тууралуу чоң-чоң макалаларым жарык көрдү. Кыргыз элинин феномени болгон «Манас» үчилтиги жана башка тарыхый инсандар тууралуу кызыккандарымды изилдедим, жаздым. Кандай болгон учурда дагы, биз боордош элбиз. Түпкү атабыз бир.

Түрк дүйнөсүнүн катмары калың, мына ушуну эстен чыгарбай унутпай жүрсөк. «Жетиген» журналынын барактап жатып, Түрколог болгондуктанбы тарыхый макалаларга көзүм түштү. Журналдын бардык жамаатына ийгиликтерди каалайм.

Жазуучу Ахмет Түзгүн:

- Ахмет мырза, бизде сууну сиңген жерге сеп, кепти угуп билгенге айт деген макал бар. Журналды кызыгуу менен барактап жатканыңыз жөн адам экениңизден кабар берип турат...

- Албетте. Туура баамдагансыз. Мени көптөн бери Түрк дүйнөсүнүн үрп адат, каада салт, нарк насил, тарыхы, маданияты, спорту кызыктырып келет. Жакында эле «Түрк дүйнөсүнүн орток спорттук алакасы» аталыштагы китебим жарык көрдү. Бет ачарын Кыргызстанда өткөрдүк.

- Кыргызстан сиздин көзүңүз менен...

- Кыргызстан - биздин Ата журтубуз. Бийик-бийик Теңир тоосу, берметтей болгон Ысык- Көлү, жаңгак токойлуу Арстанбапы, тарыхы бар Өзгөнү жана башка жерлери мени өзүнө тартты. «Жетиген» журналынын башкы редактору Абдиламит Жумашевге, окурмандарыңарга ийгилик каалайм.

Бул жарманке окурмандардын кызыгуусун күчөтүүдө. КР атынан «Жетигендин» катышуусу дагы кыргыз тилдүү басылмалардын сыймыгы болууда. Жергебизде өзүбүзгө билинбегени менен канча өлкө Кыргызстаныбызды баалаганын жон терибиз менен сезип олтурабыз.

Түркия маданият жана туризм министринин орун басары Ахмет Мисбах Демиржан Кыргызстан дегенде эле Чыңгыз Айтматов көз алдында болорун, улуу Манас эпосу, Алай ханышасы Курманжан Датканы баалаганын жашыра алган жок. Жакынкы күндөрү КРге келерин да айта кетти.

«Жетиген» журналынын Башкы Редактору Абдиламит Мажитович Жумашевди КР Стамбулдагы Башкы Консулу Лира Эсенгуловна Сыдыкова кабыл алды. Кыргызстан жана Түркия ортосундагы маданият көпүрөсү негизинде мыкты ойлор, жакшы пландар тууралуу пикир алышты.

Биз билгенден бери, Лира Эсенгуловнанын ишмердүүлүгү кайсы тармактан болбосун алкоого татып келе жатат. Иш билги, өз кесибинин профиси, сөздөн ишке өткөнү, Түркиядагы жердештерибизге тирөөч болуп келгени кубандырбай койбойт.

Жакшы иштин убагында айтылганы дурус дешет. Максаттар али алдыда.

Убакыттан пайдаланып, эл аралык жарманкенин уюштуруучуларына жана «Керкүк Маданият Коомунун» мүдүрү, жазуучу, публицист Шемсеттин Күрежи мырзага ыраазычылык билдиребиз.

Динара Асылбекова, Бишкек-Анкара

Булак: NazarNews.kg

Последние новости