www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талант бул Жараткандын табериги. Кудай тартуулаган талант менен гана чектелбестен, ошол шык, жөндөмдү аздектеп-барктап, изденип, өөрчүтүп өзүнө чоң максат койгон жаш актёрлор саналуу. Бакен Кыдыкеева атындагы мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын актёру Нурлан Сыдыковду NazarNews маалымат агенттиги кепке тартты.

- Актёрдук кесип сизди тандагандай сезилет...

- Актёрдук кесипти мен тандадым албетте! Бул кесипти тандоо мага буйрук деп эсептейм, себеби актёрдук  кесипте окуган күндөн тарта ушул күнгө чейин мен бул чөйрөдө мейли театрда, мейли кинодо мен өзүмдү чоочун сезген жокмун. Демек бул кесип мага маңдайга жазылган алмаштыргыс ардактуу кесибим!

- Эгерде актёр болбой калсаңыз кайсы кесипти тандамак элеңиз?

- Эгер актер болбогонумда ата жолун улай милиция кызматкери болсом керек деп ойлойм.

- Сизди көп тасмалардан учуратып келебиз. Кино сиз үчүн...

- Кино мен үчүн ар бир жылдагы жаш курагымды эске салып экранда өмүр бою сакталуучу баалуу тарых. Биз көрбөй калган залкар таланттарды алардын экрандагы образдары аркылуу көрүп суктанабыз, ошол сыңары мен да мыкты кино тасмада образдарды жаратууга дайым далалат кылам.

- Кайсы залкарлар менен бир экранда тартылып калдыңыз?

- Тасмада мен сыйлаган көп таланттар менен бирге образ жараттым, дагы да чыгармачылыкта көп залкарлар менен бирге кино спектаклдерде сыймыктанып иштей берем деп тилек кылам. Раматылык Марат Жанталиев байке менен да бирге кино тасмада иштешип тажырыйба алган элем.

- Кыргыз киносунун келечегин кандай элестетесиз?

- Кыргыз киносу жанданып жатканы жалпыга маалым. Демек, мамлекет атайы кино индустриясына быйылкы жылы финансы жагын профессионал режиссёрлорго колдоо көрсөтөөрүн белгиледи. Кудай буюрса жакынкы жылдары биздин кино тармагы дагы да бийик өнүгөт деп ишенем.

- Жашоо азилдешсең олуттуу карайт, олуттуу карасаң азилдешет дегенге кошуласызбы, дегеле жашоонун маңызын кантип чечмелейт элеңиз?

-  Жашоо чынында кызык. Жагдайга карап мамиле кылсаң же жан үрөп жанталашсаң да жашоонун мыйзамдары өз жообунан эч качан адашпайт жана биз каалагандай болуп турбайт эмеспи. Тескерисинче кээ бир убакта биз ойлогондон да жакшы деңгээлде жооп алабыз. Бул Жараткандын буйругу, мандайга жазгандан эч кайда качып кутула албасыбызды далилдеп турат. Ушундай түшүнүк менен мен бул суроого кошулам.

Динара Асылбекова

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости