www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусунун Сокулук районуна барып, базар, дүкөндөрдү текшерди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, Жапаров алгач Сокулук айылындагы "Жибек Жолу" базарына барып, соодагер, сатып алуучулар менен баарлашып, социалдык-экономикалык тармакта жүргүзүлүп жаткан реформаларга токтолгон. Ошондой эле акчалай төлөмдөрдү жүргүзүүдө кассалык аппараттарды колдонуу жана чек талап кылуунун маанилүүлүгүн белгилеген.
Министрлер кабинетинин төрагасы Сокулуктагы кичи дүкөндөрдүн биринде болуп, алкоголдук ичимдиктердин акциздик маркаларынын аныктыгын текшерген. Анда контрафактылык продукциялар аныкталганы айтылды.
Булак: NazarNews.kg