www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ат-Башы ГЭСи реконструкцияланып, өндүрүлгөн электр энергиясынын көлөмү көбөйдү. Бул туурасында президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

Реконструкциялоо жумуштарынын алкагында ГЭСте ар биринин кубаттуулугу 10 миң киловатты түзгөн төрт суу агрегаты орнотулган. - Sputnik Кыргызстан

ГЭСтин жетекчисинин милдетин аткаруучу Муктарбек Жүндүбаевдин айтымында, реконструкциялоо жана модернизациялоо декабрь айында аяктайт. Долбоордун наркы 18,9 миллион доллар, каражаттын 80 пайызы Швейцариядан грант катары келсе, 20 пайызын кыргыз өкмөтү көтөргөн.

Ат-Башы ГЭСи реконструкцияланып, өндүрүлгөн электр энергиясынын көлөмү көбөйдү - Sputnik Кыргызстан

Реконструкциялоо жумуштарынын алкагында ГЭСте ар биринин кубаттуулугу 10 миң киловатты түзгөн төрт суу агрегаты орнотулган. Негизги электр жана гидротурбиналык жабдыктары, 110 киловольттук трансформатор жана ажыраткычтар, кабелдер жаңыртылган. Иштөө системасы толугу менен автоматташтырылды.

ГЭСтин жетекчисинин милдетин аткаруучу Муктарбек Жүндүбаевдин айтымында, реконструкциялоо жана модернизациялоо декабрь айында аяктайт - Sputnik Кыргызстан

"Ат-Башы ГЭСинде электр энергиясын өндүрүүнүн көлөмү көбөйүп, 800 миң кВт/сааттан 1 миллион кВт/саатка чейин жеткирүү жолго коюлду. Жылына 42 миллион кВт/саат электр энергиясын өндүрө алат", — деп айтылат маалыматта.

Долбоордун наркы 18,9 миллион доллар, каражаттын 80 пайызы Швейцариядан грант катары келсе, 20 пайызын кыргыз өкмөтү көтөргөнАт-Башинская ГЭС в Нарынской области - Sputnik Кыргызстан

Мындан сырткары, электр энергиясын үзгүлтүксүз жана ишенимдүү өндүрүүнү камсыздоого, техникалык жоготууларды азайтууга, коопсуздукту жана башкарууну жакшыртууга, суунун коромжусун азайтууга жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлгөнү белгиленди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости