www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев «Кара-Балта спирт заводу» мамлекеттик ишканасынын иши менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ал белгилегендей, президенттин «Этил спиртин өндүрүүгө, сактоого жана сатууга жүз пайыз мамлекеттик монополияны киргизүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» Жарлыгына ылайык, 2022-жылдын 1-сентябрынан тартып өлкө аймагында этил спиртин өндүрүү, импорттоо, сактоо жана сатууга жүз пайыз мамлекеттик монополия киргизилет.

«Бул чечим этил спиртин өндүрүү, ташып келүү, сактоо жана сатуу чөйрөсүндө натыйжалуу мамлекеттик жөнгө салууну камсыздоого, этил спиртинин контрабандасына жана контрафакттык продукцияны колдонууга бөгөт коюуга, бюджетке салык төлөмдөрүнүн толук түшүүсүн камсыздоого багытталган. Кара-Балта спирт заводу – өнөр жай өндүрүшүнүн флагмандарынын бири, анын толук кандуу иштеши үчүн бардык чараларды көрүүгө тийишпиз. Заводдо чыгарылып жаткан продукциянын сапаты жар-накка муктаж эмес. Бул жерде өндүрүлгөн спирт башка заводдордо өндүрүлгөн ушуга окшош продукциялардан бир топ жогору саналат. Биз азыр биргеликте чечүүбүз керек болгон бир катар маселелер бар. Кара-Балта спирт заводунда этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, өндүрүлгөн жана өлкөгө алынып келинген этил спиртин сатууга берилген өзгөчө укукту ишке ашыруу үчүн бардык өбөлгөлөр бар деп эсептейм», - деди Бакыт Төрөбаев.

Белгилей кетсек, «Кара-Балта спирт заводу» мамлекеттик ишканасын түзүү чечими 2000-жылдын 21-февралында кабыл алынган, анын негизги ишмердүүлүгү этил спиртин өндүрүү болуп саналат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости