www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен мамлекеттик университетинин археологиялык табылгалары Европага лабораториялык изилдөөгө жиберилет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Аталган окуу жай жүргүзгөн археологиялык казууда I жана VI кылымдарга таандык кумура, курдун тогосу, бычак, канжар сыяктуу табылгалар, эки адамдын жанаша жаткан сөөктөрү табылган.

Европадагы радиоуглероддук лабораторияда антропология, геология, генетика боюнча анализдер жана изилдөөлөр чыгарылары пландалууда.

"15 адамдан турган археологиялык топ 11-июндан 22сине чейин 10 күндүк казуу иштерин жүргүздү. Ал Улуттук илимдер академиясынын Тарых, археология жана этнология институтунун, археология бөлүмүнүн башчысы Кадича Ташбаеванын жетекчилигинде жасалды", — деп айтылат маалыматта.

Илимий изилдөөгө ОшМУ, ОшМПУ жана БатМУнун магистранттары менен студенттери катышты.

Билим берүү министрлиги 1956-1960-жылдардан бери Баткен районунун аймагында археологиялык илимий изилдөө жүргүзүлбөгөнүн белгиледи.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости