www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте тоноо фактысына шектелгендер кармалганын Свердлов РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, милицияга 14 жаштагы жабырлануучунун апасы кайрылган. Анын айтымында, Осмонкул жана Жданов көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз адамдар физикалык күч колдонуп, баласынын уюлдук телефонун жана 10 миң сомун тартып алышкан.
Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесинин (каракчылык) негизинде кылмыш иши козголгон.
Кылмышка шектүү катары 23 жаштардагы Д.Н. менен К.С. , ошондой эле 22 жаштагы Р.А. кармалышкан. Үчөө тең убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Тергөө иштери уланууда.
Булак: NazarNews.kg