www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чүйдө синтетикалык каражаттарды өндүргөн баңгилабораторияга бөгөт коюлуп, үч жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Чүй облусунда ыкчам-иликтөө жана атайын тергөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда эл аралык баңги тобунун мүчөлөрү кармалды.
Кармалгандар 2003-жылы туулган Д.Н. жана 2003-жылы туулган тургуну С.Т.. Алардын “Киа Оптима” унаасынын багажында кара түстөгү желим баштыктан болжол менен салмагы 11 килограмм 750 гамм болгон 47 таңгактагы “мефедрон” табылган. Алар аны белгисиз адамдарга сатууну көздөшкөн.
Мындан тышкары, жогоруда жарандар жашаган үйүндө “мефедрон” психотроптук затын даярдоочу баңгилаборатория табылган. Тинтүү учурунда болжолдуу салмагы 100 граммды түзгөн “мефедрон” психотроптук заты, жеке коргонуу каражаттары, таразага тартуу жана таңгактоо каражаттары, ошондой эле химиялык реактор, психотроптук заттарды өндүрүү үчүн колдонуу үчүн 2 тоннадан ашык прекурсорлор жана башка буюмдар табылган.
Андан аркы ыкчам тергөөнүн жүргүзүшүндө Бишкектеги кичирайондорунун биринде аталган баңгилабораториянын жетекчиси 1995-жылы туулган А.И. кармалган. Ал өндүрүш процессин башкарып, мобилдик мессенджер аркылуу чет элдик кураторлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, каржы эсебин чыгарып турган. Жогорудагы жаран бир жуманын ичинде баңгилаборатория 40 килограммга чейин психотроптук каражатты өндүрүп турганында айткан.
Ошондой эле, жогоруда аталган адамдар Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында баңгизаттардын аз өлчөмдөгү партиясы бар кыстармаларды жашыруун жерлерге бекитип кетүү менен алектенгендиги аныкталган. Бул маалыматты текшерүү учурунда көк түстөгү “Экстази” психотроптук каражаты катылган 10 жер табылган.
Белгилей кетсек, баңгилабораторияны каржыло криптовалюталар аркылуу ишке ашык келген. Криптовалюталарды Бишкекте алмаштырып, накта акча каражаттарын банктык карталарына салышкан.
Бул узакка созулган атайын операциянын жүрүшүндө 30 килограммдан ашык психотроптук каражат жана 2 тоннадан ашык прекурсор табылып алынган.
Психотроптук затты сатууда кармалгандардын жана башка белгисиз адамдардын мыйзамсыз кирешеси 165 миллион сомду (1 млн. 875 миң долларын) түзүшү мүмкүн.
Бул ыкчам операциянын натыйжасында республика боюнча 180 миң 200дөн ашык бир жолку дозадагы “мефедрон” жана “экстази” жана башка психотроптук заттардын таратылуусуна бөгөт коюлган.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча атайын иликтөө иш-чаралары жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Булак: NazarNews.kg