www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эки колу жоолук менен байланып, Чоӊ Чүй каналына ыргытылган 20 жаштагы жигиттин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жансыз дене бүгүн, 10-июлда саат 11:30да Чүй районунун Алга айылында, Чоӊ Чүй каналынын көпүрөсүнөн куткаруучуулар тарабынан табылган.
Белгилей кетсек, буга чейин 4-июлда Токмок ШИИБине 1988-жылы туулган М.К. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 4-июлга караган түнү иниси — 2003-жылы туулган К.М. Токмок шаарынын №3 кичи районунда жайгашкан көп кабаттуу үйдөгү батирден белгисиз тарапка чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгонун билдирген.
Аталган факт Токмок ШИИБде катталып, алдын ала териштирүү учурунда чогултулган материалдар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренесинде көрсөтүлгөн (адам уурдоо) кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.
Чүй ОИИББинин жана Токмок ШИИБинин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында аталган кылмыш ишине шектүү катары 1988-жылы туулган М.К., 1983-жылы туулган Т.М. жана 1996-жылы туулган Б.К. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Алдын ала тергөө амалдарын жүргүзүү учурунда шектүүлөр жабырлануучу K.M.ны ортодо чыккан уруштан улам үйүнөн алып чыгып, ур-токмоко алып, унаа менен Чоң Чүй каналына алып барып, колун жоолук менен байлап, сууга ыргытып жиберишкени белгилүү болгон.
Чүй ОИИББинин, Токмок ШИИБинин жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери тарабынан К.М.нын денесин табуу боюнча Чоң Чүй каналында издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.
Булак: NazarNews.kg