www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунун аймагында катталган катуу шамал 17 үй жана 2 сарайдын чатырын учуруп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн районунда саат 16:45 чамасында болгон катуу шамалдын кесепетинен Ала-Арча айыл өкмөтүнө караштуу Мраморный айылында жайгашкан үйлөрдүн жана сарайдын чатырын учуруп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Айылда бак-дарактар кулап жана электр мамычалары жабыркап ошол учурда электр энергиясы үзгүлтүкө учураган. Мындан улам табигый кырсык катталган дерекке Аламүдүн райондук №1 ӨКБдан 6 куткаруучу, айыл өкмөттүн 4 өкүлү кызматкер жана РЭТтен 3 бригада тартылган. Учурда электр энергиясын калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп, РЭС кызматы иш алып барууда.

ӨКМдин кызматкерлеринин тактоосунун натыйжасында 17 үйдүн жана 2 сарайдын чатырын учуруп, жараксыз абалга келген. Бактар кулап электр зымдары үзүлгөн, электр мамычалары кулаган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости