www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүйдө мал уурулук менен алектенген жарандар кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын кызматкерлеринин ыкчам иштеринин натыйжасында мурда соттолгон адамдардан турган кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Булар Чүй облусунун аймагында мал уурулук менен алектенип жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн. Шектүү жарандар жөнүндө маалымат топтолуп, кылмыштуулукка бөгөт коюу боюнча чаралар көрүлдү.

Жогорудагы кылмыштуу топтун мыйзамсыз аракеттеринин мүмкүн болуучу кесепеттерин жана ачык коркунучун эске алуу менен ыкчам кызматкерлер иликтөө иштерин тез арада жүргүзө башташкан. Кармоо операциясы ушул жылдын июнь айынын аягында жүргүзүлгөн. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө түнкүсүн Беловодское айылына жакын жерде шектүүлөр бара жаткан “Merсedes-Benz Sprinter” үлгүсүндөгү кичи автобус токтотулган.

Текшерүү учурунда унаанын арткы бөлүгүнөн бээ кулуну менен табылган.

Төмөндөгүлөр кылмышка шектүү катары кармалган:

- 1995-жылы туулган жаран Ж.Ш., Чүй облусунун Токмок шаарынын тургуну;

- 1986-жылы туулган жаран М.А., Чүй облусунун Ысык-Ата районунун тургуну.

Алынган маалыматтар боюнча, жылкыларды Москва районунун аймагынан уурдап келе жатышкан. Учурда кармалгандардын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы текшерилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

Мындан тышкары, аталган башкармалыктнын ыкчам кызматкерлери тарабынан мал уурулук боюнча дагы бир кылмыштын бети ачылды.

Чүй облусунун Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү тургун 2023-жылдын 24-июнунда Жаңы-Жер айылында малын уурдап кеткен белгисиз адамдарга карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Маалым болгондой, уурулар бир бээни кулуну менен уурдап кетишкен. Жабырлануучуга 125 миң сомдон ашык чыгым келтирилген.

Ошондой эле 7-июлунда Бишкек шаарынын аймагынан кылмышка шектүү катары Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун тургуну, 1995-жылы туулган жаран М.С. кармалган. Ал Бишкек шаарындагы жаңы конуштардын биринде жашап келген жана мурда мал уурулук менен соттолгон.

Милиция кызматкерлери уурдалган кулунду таап, жабырлануучуга өткөрүп беришкен. Маалым болгондой, кармалган жаран бээни союп, этин сатып жиберген. Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда жогорудагы фактылар боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости