www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чолпон-Ата шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, августта милицияга Чолпон-Ата шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү мыйзамсыз баңгизатын сактап жүргөндүгү жөнүндө маалымат келип түшкөн.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында милиция шетүүнүн өздүгүн аныктаган. Ал 26 жаштагы Чолпон-Ата шаарынын тургуну, мурда бир нече жолу соттолгон, УКТ мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган Э.Э. болгон.

Жакында милиция Чолпон-Ата шаарынын көчөлөрүнүн биринде мыйзамсыз баңгизатын сактап жүргөн жаранды токтотуп, тинтүү иштерин жүргүзүүдө андан жапайы кендирдин жыты бар өсүмдүк заты табылган.

Соттук-химиялык экспертизанын жайынтыгы боюнча алынган зат гашиш баңгизаты экени жана анын таза салмагы 3,006 граммды түзөрү аныкталды.

Райондук соттун чечими менен кылмышка шектүү катары кармалган жаранга тергөө мезгилинде камака алуу баш коргоо чарасы тандалды.

Тергөө амалдары уланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости