www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эл аралык жана бейөкмөт уюмдар көп учурда Кыргызстандагы окуялардан негатив издешет. Бир аз шылтоо болсо эле – аны көбүртүп жарыялап, бүт дүйнөгө жер сабап таратканы жашыруун деле эмес. Бирок, мамлекетибизде акыркы кезде болуп жаткан көрсөткүчтөр – антип кыйкыргандарга дагы себеп жаратууга жол бербей калды. Сиздерге көп жылдан бери Кыргызстанда сурамжылоо жолу менен, экономикалык көрсөткүчтөргө элдин реакциясын изилдеп келе жаткан эл аралык институттун акыркы изилдөөлөрүнүн жыйынтыктарын карап чыктым. 

Бул бөлүгүнө көз салыңыздар, 2024-жылдын январь айында “Сиздин оюңузча, биздин мамлекет туура же туура эмес багытта өнүгүп жатат деп айта аласызбы?”-деген сурамжылоого: 

Республиканын бардык аймагынан катышкандардын 82%ы “мамлекет туура жолдо бара жатат” деп баа беришкен. 

Демек, Кыргызстандын элинин 82%ы Президент Садыр Жапаров баштаган анын командасынын ишине оң баасын берет жана ошондой эле жүргүзүлүп жаткан жумуштар элдин максатына ылайык деп эсептешет. 

2009-жылы ушундай эле сурамжылоонун жыйынтыгы “мамлекет туура эмес жолго бара жатат”-деген көрсөткүч 60%га жеткен. Натыйжада 2010-жылы бийлик алмашуу болгон. 

2017-жылдан тарта бийликке болгон элдин ишеними төмөндөп, 2020-жылдын август айында нааразычылык көрсөткүч 53%га жетип калган. Натыйжада октябрь айында бийлик алмашуу болду. 

2021-жылдын декабрь айынан тарта элдин бийликке болгон ишениминин көрсөткүчү 70%дан башталып, учурда 82%га чейин жогорулады. 2007-2020-жылдар аралыгында мынчалык көрсөткүчкө эч ким көтөрүлгөн эмес. 

Сурамжылоонун түрлөрүнө көңүл бурсак, Садыр Жапаровго ишенебиз, жашообуз сезилерлик жакшырып баратат деп айтышкан. Эл аралык институттун өкүлдөрү өздөрү дагы “мындай жакшы маанайдагы көрсөткүч – көп эле мамлекетте жок” - деп белгилешти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости