www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Франциянын Мец шаарындагы Помпиду борбору музейинен «Дубалга жабыштырылган банан» аттуу чыгарманын негизги бөлүгү болгон банан уурдалып кетти.
Бул тууралуу «Т24» басылмасы маалымдаган.
Окуя коопсуздук кызматкеринин көңүл буруусу менен белгилүү болгон. Музейдин жетекчилиги дароо полицияга расмий арыз менен кайрылган. Бийлик өкүлдөрү уурдалган банандын ордуна кыска убакыттын ичинде жаңы банан коюлганын жана көргөзмө кайрадан зыяратчылар үчүн ачылганын билдиришти.
Белгилей кетсек, италиялык сүрөтчү Маурицио Каттеландын «Комедиант» аттуу инсталляциясынын алгачкы эки нускасы 120 миң долларга сатылган. Үчүнчү нускасына болсо 150 миң доллар баа коюлган.
Ошондой эле 2019-жылы Англияда Каттеландын сатиралык чыгармаларынын бири болгон 18 караттык алтындан жасалган унитаз айкели да уурдалып кеткен.