www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Германиядагы кыргыздар Нооруз майрамын белгилешти. Бул тууралуу элчиликтен маалымдашты.

Кыргызстандын Германиядагы элчилигинде Германиянын ар кайсы Федералдык аймактарынан балдары менен кошо келген келген кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнүн жана немис досторунун катышуусунда Нооруз жаз майрамы болуп өттү.

Элчи Өмүрбек Текебаев өз сөзүндө бакубаттуулуктун, тынчтыктын жана биримдиктин символу болгон Нооруз майрамынын маанилүүлүгүн белгилеп, кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүн Германия жергесинде мындай улуттук майрамды белгилөөнүн жакшы салтын уланта берʏʏгɵ чакырды.

Элчи Нооруз майрамынын урматына Германиядагы кыргызстандыктардын бир катар коомдук уюмдарына ийгиликтүү иштери үчүн Элчиликтин ыраазычылык баракчаларын тапшырды.

Иш-чаранын конокторуна мекендештер, Элчиликтин кызматкерлери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү тарабынан уюштурулган майрамдык музыкалык программа тартууланды. Айрыкча, улуттук кыргыз кийимдерин жана элечек кийген кыргыз аткаруучулары тарабынан тартууланган элдик «Аластоо» жөрөлгөсү өзгөчө кызыгууну жаратты.

Келген конокторго кыргыздын улуттук ашканасынын тамактары коюлган майрамдык дасторкон жайылды. Элдик салтты улап, Нооруз майрамынын урматына Элчилик тарабынан майрамдык сүмөлөк жасалып, анын даамы мекенибиз Кыргызстанды эске салды.

Кыргызстандагы туризмди жана кыргыз маданиятын жайылтуу максатында «Ысык-Көлдүн түштүк жээги Этномаданий туристтик дестинация» коомдук уюмунун жетекчиси Жылдыз Асанакунова жибектен, кийизден жасалган жана сайма сайылган кыргыздын улуттук буюмдарынын көргөзмөсүн уюштурду.

Көргөзмө коноктордун көңүлүн буруп, кыргыз маданиятын Германияда таанытууга салым кошту. Кыргызстан тууралуу кыскача туристтик фильм көрсөтүлдү. Кеченин коноктору жаңы досторду таап, майрамдык жылуу маанайда баарлаша алышты.

​​

 

Последние новости