www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын жана анын аймактардагы бөлүктөрүнүн кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин «Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча» Жарлыгын жергиликтүү тургундарга жеткирүү максатында профилактикалык түшүндүрүү иш-чаралары өткөрүлүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Алсак, ИИМдин кызматкерлери мечиттерге жума намазка келген жарандар менен жолугушуп, бул Жарлык боюнча кенен түшүндүрмө беришип, жарандардын суроолоруна жооп беришүүдө.

Буга чейин үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүдө, маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатында куру намыска алдырып, бири-бирине атаандашып, ысырапкерчиликке жол берилип, ошол үй-бүлөнү көптөгөн чыгымга алып келген учурлар көп болгон. 

Бул маселени эске алуу менен ИИМдин ЭММКАКтын жана аймактык бөлүктөрүнүн кызматкерлери түшүндүрүү иш-чараларынын алкагында калк маркумду коюу, эскерүү, ошондой эле үйлөнүү үлпөт, мааракелерди өткөрүү менен байланышкан ар кандай үй-бүлөлүк иш-чараларда негизсиз чыгашаларга дуушар болуп жаткандыгын, ал тургай мындай шаан-шөкөт салтанаттарды жана башка иш-чараларды өткөрүү кеңири жайылган көрүнүш болуп бара жаткандыгын айтышты.

Мындан тышкары үй-бүлөлүк мааракелик салтанаттарды жана маркумду эскерүү иш-чараларында улуттук каада-салттарга, адеп-ахлак ченемдерине карама-каршы келген үрп-адаттарга жол бербөө маселеси кеңири талкууланып, жергиликтүү тургундарга түшүндүрмө берилди.

Ошол эле учурда жергиликтүү тургундар Президенттин бул Жарлыгын колдошоорун айтышып, ысырапкерчилик элдин социалдык-экономикалык жашоосуна терс таасирин тийгизип жатканын жолугушууда айтып беришти. ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы Президенттин Жарлыгын элге туура жеткирүү максатында ушундай иш-чараларды уюштуруп, Кыргызстандын бардык аймагында өткөрүүдө.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости