www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-президент Алмазбек Атамбаев кечээ, 14-февралда Жогорку Соттун чечими менен абактан чыкты.

Натыйжада, Атамбаевден жүз буруп кеткен бир топтор, абактан чыгаары менен үйүнө жетип барышып, "биз мындабыз" деп көрүнүп коюга жандалбасташып, жолугуп чыгуу үчүн кезекке турушту.

Айрымдарда намыс, абийир, бет деген карманча жок экен. Атамбаевдин үйүн сагаалап жетип баргандардын ичинен бир "персона" көпчүлүктүн оозун ачырып таң калтырды.

Башкача айтканда, айтылуу Икрам Илмиянов Атамбаевдин үйүнө Абдышүкүр Нарматовду ээрчитип алып, 3 литрлик желим бөтөлкөгө жарымынан суу куюп алып жетип барыптыр. 

Аны көргөн Атамбаевдин бир топ санаалаш тарапташтарынын куйкасы курушуп, ачык эле жек көрүп жатышканын жашырышкан жок. Кайсы бети менен уялбай келди дешип көптөр жерге түкүрүштү. 

Атамбаев деле ага мурдагыдай көңүл бурбастан, салкын мамиле кылып, келдиңби-кеттиңби дебей койгонуна көпчүлүк күбө болушту. Икрам "кирейин десе жер катуу, өлөйүн десе жан таттуу" дегендей өтө ыңгайсыз абалга туш болуп, киргенинен чыкканы бат болуп, артын карабай качып жок болду. 

Айткандай, Икрамовдун колундагы сууну, "бул эмне суу, дубаланган эмес беле" дешип тартып алып коюшканы эле эмне деген "сокку" болду мээси бар, түшүнгөн жанга?

Булак: NazarNews.kg

Последние новости