www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ички киштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында баңгизаттарды жана психотроптук заттарды сатуу менен алектенген Telegram социалдык тармагындагы KG_Svetofor интернет-дүкөнү жок кылынды.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери тарабынан Telegram каналында KG_Svetofor интернет-дүкөнүн түзүп, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды сатуу менен алектенишкен белгисиз адамдарга карата маалымат текшерилген.

Бул маалымат КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-бөлүмүнүн 1-беренесинде каралган кылмыш белгилери боюнча БМЖКККнын Тергөө кызматында катталган.

Бул интернет-дүкөндү түзгөн Кыргызстандын И.Н. аттуу жана Россиянын Л.И. аттуу жарандары кечээ, 28-апрелде кармалганды.

Жеке тинтүү учурунда Л.И. өз ыктыяры менен көк скотчко салынган 5 даана, болжол менен “гашиш” баңгизатын тапшырган.

Мындан тышкары, алар өз ыктыяры менен 10 даана сары-жашыл жана көк электр лентасына оролгон заттар тапшырышып, Чүй облусунун аймагында мурда катылган кыстармалар (закладки) көрсөтүп беришкен.

И.Н. жана Л.И.нин жашаган жери боюнча тинтүүнүн жүрүшүндө төмөнкү заттар табылып, алынган:

- "гашиш" баңгизаты, таза салмагы – 71 гр.;

- "гашиш" баңгизатын чегүү үчүн жасалган булбулятор;

- компьютер жана ноутбук;

- 3 даана уюлдук телефондор.;

Банк карталары

Белгилей кетүүчү жагдай, Л.И. KG_Svetofor интернет-дүкөнүнүн негиздөөчүсү жана ээси (администратору) болуп саналат.

Кармалгандар Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Азыркы учурда бул факт боюнча соттук-химиялык экспертизалар, электрондук алып жүрүүчүлөрдү башка интернет-дүкөндөрдүн табылышы боюнча текшерүү дайындалган, ошондой эле бул кылмышка тиешеси бар башка жарандарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости