www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ирандын тышкы иштер министрлиги Израилдин ракеталык чабуулуна байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүүсүн жарыялады. Бул тууралуу трт.нет жана дүйнөлүк ММК жазып чыкты.
Билдирүүдө кол салуу айыпталып, Израилдин Ирандагы “аскердик объектилерге каршы агрессивдүү аракеттери” эл аралык мыйзамдарга терс экендиги айтылды.
"Ирандын жооптуу органдары тарабынан көп жолу баса белгилегендей, Иран өзүн чет элдик кол салууларга каршы Бириккен Улуттар Уюмунун Уставынын 51-беренесинде камтылган өзүн-өзү коргоо укугуна таянуу менен коргоо укугуна ээ деп эсептейт", - деп айтылат билдирүүдө.
Билдирүүдө кол салууну айыптаган өлкөлөргө ыраазычылык билдирилип, Ирандын өз элинин коопсуздугун жана турмуштук кызыкчылыктарын коргоо үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрүн колдоно тургандыгы баса белгиленди.
АКШ жана кээ бир батыш өлкөлөрүнүн колдоосу менен Газада геноцид кылган жана Ливандагы агрессиясын улантып жаткан Израилдин аймактагы коопсуздуктун жана чыңалуунун булагы экени билдирилди.
Министрлик БУУнун геноцид кылмышын алдын алуу, жазалоо боюнча конвенциясына жана 1949-жылдагы Женева конвенциясына мүчө бардык мамлекеттерди эл аралык укукту жана БУУнун Уставын одоно бузган Израилге каршы чукул жана биргелешкен чараларды көрүүгө чакырды.
Кызыгы, АКШнын президенти Жо Байден Израилдин куралдуу күчтөрү Ирандын аймагындагы аскердик буталарга гана сокку урду деп эсептейт жана соккудан кийин жооп чара көрүлбөйт деп үмүттөнөт. Филадельфияда (Пенсильвания) журналисттер менен сүйлөшкөн америкалык лидердин сөздөрүн Ак үйдүн басма сөз кызматына таянып ТАСС жазып чыкты.
— "Мен бул аягы деп үмүттөнөм", - деди Байден Тегерандын соккусуна шилтеме жасап.
Ал кошумчалагандай, Израилдин чабуулу ирандык аскерий объектилерге гана жасалган.
— "Акыркы жарым сааттан бери мен чалгындоо коомчулугунун өкүлдөрү менен сүйлөшүп жатам, Израилдин куралдуу күчтөрү аскердик буталардан башка эч нерсеге сокку урган жок" - деген Байден.
Ак үйдүн маалыматына караганда, 26-октябрда мамлекет башчысы жана АКШнын вице-президенти Камала Харрис улуттук коопсуздук боюнча тобу менен Израилдин Иранга жасаган соккуларынын кесепеттерин талкуулашкан.
Эске сала кетсек, бүгүн, 25-октябрда Израиль аскерлери Газа тилкесинин түндүгүндө Кемал Адван ооруканасындагы эркек кызматкерлер жана айрым бейтаптар менен жаралууларды кармаган.
Газадагы саламаттыкты сактоо министрлигинен берилген маалыматта Кемал Адван ооруканасында 195 жаралуу жана бейтап, 70 кызматкер менен бирге 600 киши болгондугу айтылды. Ошондой эле Израиль армиясынын ооруканада бөлүмдөргө ок аткандыгы маалымдалган.
Кычкылтек баллонунун бутага алынышынын натыйжасында оорукананын генераторлорунун токтогондуктан, реанимацияда жаткан 2 бала каза болгон, 3 медайым жана тазалык кызматкери жаракат алган.
Израиль армиясы 3 тез жардам унаасы менен оорукана ичиндеги күн панелинен электр энергиясын өндүрүү системасын жараксыз абалга келтирген.
Белгилей кетсек, Израилдин 2023-жылдын 7-октябрынан бери Газа тилкесине жасаган кол салуусунан улам каза болгондордун саны 42 миң 924кө, жаралуулардын саны 100 миң 833кө жеткен. Урандылардын астында жана жол жээгинде азыр да каза болгондор бар. Тилекке каршы, израилдик күчтөрдүн тоскоолдугунан улам медициналык топтор менен жарандык коргонуу өкүлдөрү сөөктөргө бара алышпайт.